РЕМОНТ ноутбуков, компьютеров, планшетов, телефонов, iphone, ipod, ipad, телевизоров
8 925 877-75-30          8 925 877-75-30          8 925 877-75-30          8 925 877-75-30          8 925 877-75-30

Президенттен көп айлык алгандан уялбайт экен

2016-07-08-19-24 | Новости |

Президенттен көп айлык алгандан уялбайт экен
Кечээ ЖК жыйынында депутаттар Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун ишинен мурда айлык акысына кызыгышты. Төраганын депутаттарга берген жообуна караганда анын айлык акысы 120 миң сомду түзөт экен. Аны уккан депутат Р.Момбеков ордунан секирип кете жаздады. Анан: “Президенттен да ашык айлык алгандан уялбайсызбы? Же ошончо жумуш аткарып атасызбы?” ,-деди эле, Т.Абдыгулов уялбай турганын мындайча билдирди: “Мени Дүйнөлүк банкта иштеп жатканымда чакырып келишкен. Ал жактан айына 5 миң доллар алчумун. Мага орун басарлыкка 6 ай бою киши издеп, үч ири банкка кайрылдык. Алар айлык акынын аздыгынан келбей коюшту”, — деди ал. Көрсө, орун басарларынын айлыгы “араң эле” 108 миң сом, башкармалыктын мүчөлөрүнүкү 102 миң сомду түзөт экен. Муну уккан Р.Момбеков “өтө эле кооз сүйлөгөн мындай адамдардан корко турганын” айтып, чын эле эси чыктыбы, тымпыйып отуруп калды.


Ал эми депутат А.Арапбаев “адистерди ишке чакырууда социалисттик теңдемечилик түшүнүктөн качыш керектигин, чыгаан менеджерлерге керек болсо 120 миң эмес 1,2 млн сом төлөсө боло тургандыгын айтып жайкап чыкты. Анын пикиринде Улуттук банк былтыркы дүйнөлүк экономикалык кризисте сомдун курсун кармап калыптыр, кредиттик пайызды төмөндөтүптүр, атургай киреше менен чыгыптыр. Ошону менен депутаттар алганың аш болсун дегендей кылышты окшойт.

Бетти даярдаган 
Темирбек АЛЫМБЕКОВ 
Булак: 
http://presskg.com/?p=15968&page=4 

Следующая: Пока нет

Комментарии можно добавить только после регистрации.

Регистрация     Войти в панель управления


Загружаем комментарии...
Яндекс.Метрика